Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №4
Бүргөндү аыйл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловтун жана «Намаздык-Ата» жайыт комитетинин башчысы М.Джолжошовтун 20.11.2017-жылдагы №01-16/928 чи сунуштарын карап, угуп жана талкуулап КР нын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин, 1-пункутуна, 5-беренесинин, 2-пунктуна, 11-беренесинин, 3-пунктуна ошондой эле 14-берененин, 2-пунктуна жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР нын мыйзамына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезектеги XII--сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Намаздын-Ата» жайыт комитети юридикалык жак –өзүнчө ишкана экени эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловтун жана «Намаздын-Ата» жайыт комитетинин жетекчиси М.Джолдошовтун сунуштары эске алынсын.
3. Жайыт комитети аркылуу алына турган техниканы (Фронтальный погрузчик) алуу үчүн 25% дык акча өлчөмүндѳ 870000 (сегиз жүз жетимиш миң) сомдук депозитти төлөп берүүдө үчтөн бирин 290 000 (эки жүз токсон миң) сомду «Намаздык-Ата» жайыт комитети ишканасынын бюджетинен төлөнүп, калган 580 000 (беш жүз сексен миң) сом акча каражатын Бүргөндү айыл өкмөтү А.Сатыкулов ички каржы резервтерден төлөп берүүнү камсыз кылсын.
4. Бүргөндү айыл өкмөтү «Намаздын-Ата» жайыт комитети менен техниканын депозитик төлөөдө акча каражатынын аласа-бересесин келишим менен бекемдесин жана алынган акча каражаттар кайтарып алуусун шарттасын.
5. Эки тараптын келишими жана келишимдик каттары Бүргөндү айылдык кеңешине түшкөндөн кийин бул төлөм күчүнѳ кирет.
6. «Намаздын- Ата» жайыт комитетин Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жайыт бөлүгү кылып кайра түзүү же уюштуруу маселесин колго алууга айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатымкуловко жана жайт комитетине сунушталсын.
7. «Намаздын –Ата» жайыт комитети жайыт акыларынын тийешелүү түзүүчү бөлүгү жергиликтүү бюджетке түшүшүн камсыз кылуу жана жайыт комитеттин башчысы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
8. Бул токтом Ноокен райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана Ноокен райондук мамлекекттик адмистрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
9. Токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкөтүнүн башчысы А,Сатымкыловко милдеттендирилсин.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, ишкердүүлүтү, чыкан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Мирзаевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|