Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №5
2017-жылдын 15-октябрь күнү боло турган КР нын Президентин шайлоону уюшкандыкта, жогорку деңгээлде ѳткѳрүү максатында жумуш убактысынан ашыкча иштегендиги үчүн сый акы катары бир акылат эмгек акы тѳлѳп берүүнү сурап Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап КР нын Эмгек Кодексинин негизинде Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун жооптуу катчы М.Ахмедовго сый акы катары бир акылат эмгек акы тѳлѳп берүүнү сурап жазган кайрылуусу эске алынсын.
2. 15-октябрь 2017-жылдагы КР нын Президентин шайлоо тынч жана уюшкандыкта ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу, Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу ктчысы М.Ахмедовдун шайлоо ѳткѳрүүдѳгү иш убактысынан ашыкча иштегендигин эске алып шайлоонун жыйынтыгы менен сый акы катары бир айлык аклат эмгек акы айыл ѳкмѳтүнүн жылдын жыйынтыгында топтолгон ашыкча эмгек акысынын эсебинен тѳлѳнүп берилсин.
3. Жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн акча каражатын тѳлѳп берүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нүн башчысы А. Мырзакаримовко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳтүнүн бшчысы А.Сатыкуловго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Мирзаевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|