Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №6
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Адашов Исакжанды бекитүү жѳнүндѳгү жооптуу катчы М.Ахмедов тарабынан кайрылуусун угуп жана талкуулап, Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР нын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын ѳкүлү М.Маматовдун 2018-жылдын 10-январындагы №1 сандуу катында кѳрсѳтүлгѳндѳй аймактык шайлоо комиссияларынын эки жылга шайланган убактысы аяктагандыгына байланыштуу КР нын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын түзүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү максатында Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн жооптуу катчысы М.Ахмедов тарабынан Бүргѳндү айыл аймагынын Ж.Каракожоев кѳчѳсүнүн тургуну Адашов Исакжан боюнча кайрылган сунушу эске алынсын.
2. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясына Бүргѳндү айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын Ж.Каракожоев кѳчѳсүнүн тургуну Адашов Исакжан сунушталсын.
3. Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын курамына Адашов Исакжанды бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳттүн жооптуу катчысы М. Ахмедовго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттын иш, регламент, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Сейталиевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|