Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №7
Бүргѳндү айыл аймагынын Жаңы-Арык айылынын Кочкор-Кыштак көчөсүнүн элинин жыйынынын 25-ноябрь 2017-жылдагы №1 протоколунун, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын 01.02. 2018-жылдагы №17 Ибрайимова Анаркан Абакуловнаны Бүргөндү айыл аймагындагы «Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруу сунушун карап, угуп жана талкулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө КРнын мыйзамынын 4-бөлүмүнүн, 36-беренесинин, 8-пунктуна ылайык Бүргөндү айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын ХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловтун Ибрайимова Анаркан Абакуловнаны Бүргөндү айыл аймагындагы «Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун эске алынсын.
2. Жаңы-Арык айылынын Кочкор-Кыштак көчөсүнүн тургундарынын элдин жыйынынын чечимин эске алуу менен Бүргөндү айыл аймагынын тургундарынын ден-соолугуна кам көрүп, ар бир оорунун алдын алуу боюнча окууларды өткөрүп, келин-кыздарды медицинанын тартибине үйрөткөндүгүн, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген айыл тургундарына кайрымдуулук жардамдарды тарткандыгын, пайдалуу коомдук иштерине активдүү катышкандыгын эске алып Ноокен районунун «Ардактуу Атуул» наамын ыйгарууну сунушталсын.
3. Ибрайимова Анаркан Абакуловнаны Ноокен районунун «Ардактуу Атуул» наамын ыйгарууну сунуштоону колдоо жагы Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Э.Маматаевтен суралсын.
4. Бул токтом Ноокен райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.
6. Токтомдун аткрылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, регламент, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Сейталиевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|