Редакцияот 02.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2018-жылдын 02-февралы №8

А.А. Калбекованвн өздөштүргөн жер тилкесин жайыт жеринен көп жылдык бактар жерине которуу (трансформациялоо) жөнүндө

 

Кочкор-Ата шаарынын тургуну А.А.Калбекованын өздөштүргөн 1,50 га жер тилкесин жайыт жеринен көп жылдык бактар карап которууп берүү жөнүндө арызын жана ушул маселе боюнча Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун сунушун карап, угуп жана талкуулап КРнын жер кодексинин 32-беренесинин 2-пункутуна, 13-беренесинин, 1-беренесинин 2-пункутуна, 15-беренесинин жана КРнын өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-июнундагы 306 сандуу токтому менен бекитилген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобонун 7-пункутуна ылайык Бүргөндү айылдык кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын тургуну А.А.Калбекованын өздөштүргөн 1,50 га жер тилкесин жайыт жеринен көп жылдык бактар жерине которуу жөнүндө арызы жана ушул маселе боюнча Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун сунушун эске алынсын.

2. Бүргөндү айыл аймагынын Жаңы-Жол участкасындагы А.А.Калбекованын өздөштүргөн жер тилкесинин контурун аныктап керектүү докуметтерди даярдоо жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко жүктөлсүн.

3. Бүргөндү айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы А.А.Калбекованын өздөштүрүүдөгү 1,50 га жер тилкеси жайыт жеринен, көп жылдык бактар жерине которуу (трансформациялоо) сунушталсын.

4. Кочкор-Ата шаарынын тургуну А.А.Калбекованын өздөштүрүүдөгү 1,50 га жер тилкесин жайыт жеринен көп жылдык бактар жерине которуу (трансформациялоо) Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн жер комиссиясынан суралсын.

5. Бул токтом райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.

7. Токтомдун аткрылышын көзөмөлгө алуу жагы Бүргөндү айылдык кенешинин эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Арстанбековко жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Т. Асанбаев