Редакцияот 02.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы

 

2018-жылдын 02-февралы №9

Бүргѳндү айыл аймагындагы жер тилкелерин турак жай куруу үчүн берүү жөнүндө

 

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун Бүргѳндү айыл аймагында тургундарга турак жай үчүн жер тилкелерин берүүдѳгү кѳйгѳйлѳр, мүчүлүштѳр боюнча сунушун карап, угуп жана талкуулап КРнын «Жер Кодексинин» 1-бѳлүмүнүн, 3-беренесинин, 13-беренесинин 1-2-пункуттарына, 14-беренесинин 1-пункутуна ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун жана айыл ѳкмѳтүнүн жер маселелери боюнча жетектѳѳчү адиси А.Оморбеков «Жер Кодекси», Жер Мыйзамдарын билбегени, түшүнбѳгѳнү эскертилсин.

2. КР нын «Жер Кодексине» ылайык муниципалдык менчиктеги жерлерди айылдын аймагынын чегинде жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескѳѳчү органы башкарат жана тескейт.

3. Айылдын аймагында жер мамилелерди жѳнгѳ салуу, жер тилкелерин менчике берүү, жерге жайгаштырууну уюштуруу, жерлерди пайдаланышына жана корголушуна кѳзѳмѳл кылуу, жер реформасын жүргүзүү, айылдык калктуу конуштардын чек араларында үй куруу үчүн жер тилкелерине укук берүүчү баштапкы документтерди берүү жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескѳѳчү органынын карамагына кирет.

4. Айыл ѳкмѳтү анын башчысынын орун басары жана жер маселелери боюнча адиси айыл аймагында жер маселелерин жѳнгѳ салуу жагындагы компетенциясын КР нын Жер Кодексине, Жер Мыйзамдарына ылайык жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

5. Бул токтом райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.

7. Бул токтомдун аткрылышын көзөмөлгө алуу жагы Бүргөндү айылдык кенешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, регламент, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Сейталиевке, Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Арстанбековко жүктөлсүн.

Тѳрага

Т. Асанбаев