Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 02-февралы №10
Бүргөндү айыл аймагындагы №32 Жеңиш орто мектебинин жамаатынын 2017-жылдын 5-августунда өткөн жалпы жыйынынын №1 протоколунун чечимин, токтому менен жамаатынын сунушун, Жеңиш айылынын тургундарынын, өкүлдөрүнүн жалпы жыйынынын 2017-жылдын 27-августундагы протоколунун чечимин, токтомун жана Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 23-августундагы №01-16/650 сандуу сунушун кайра карап жаңы жагдайга байланыштуу Жеңиш айылынын 20.01.2018-жылдагы болуп өткөн жалпы жамааттык чогулушунун № 2 протоколунун чечимин, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 01.02.2018-жылдагы № 16 сандуу сунушун, токтомун карап угуп жана талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө КРнын Мыйзамына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жеңиш айылынын жалпы жамааттын чогулушунун 20.01.2018-жылдагы №2-протоколунун чечими, токтому, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 01.02.2018-жылдагы №16 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын кезектеги ХII-сессиясынын 28-август 2017-жылдагы «Бүргөндү айыл аймагындагы №32 Жеңиш орто мектебине эмгек ардагери маркум Дүйшенбиев Мырзакмат Токтомаматовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү» №1 токтому өзгөртүүсүз калтырылсын.
3. Бүргөндү айыл аймагындагы №32 орто мектебине эмгек ардагери маркум Дүйшенбиев Мырзакмат Токтомаматовичтин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү Бүргөндү айылдык кеңешинин мурунку токтому өгзөртүүсүз калгандыгы боюнча сессиянын токтому Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Козиевке жөнөтүлсүн.
4. Бул токтом райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдетендирилсин.
6. Токтомдун аткрылышын көзөмөлгө алуу жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Социялдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар жана спорт боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Калбековко, Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттын иш, регламент, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Сейталиевке жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|