Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 42-2
Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыктан карыздарды бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты эсебинен төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлүп берилсин:
-Кызматтык сапарга кеткен чыгашалар үчүн 701-бөлүмдүн 2211-беренесине 24 500 сом;
-Ноокат суу ишканасына701-бөлүмдүн 2231-беренесине 3 600 сом;
-Крупская атындагы орто мектебинин ашканасына инвентар сатып алуу үчүн 709-бөлүмдүн 3112-беренесине 281 400 сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин ашканасына инвентар сатып алуу үчүн 706-бөлүмдүн 3111-беренесине 214 700 сом;
-Н.К.Крупская жана Х.Самиев атындагы орто мектебинин окуучуларына спорт формаларын алуу үчүн 709-бөлүмдүн 2222-беренесине 28 000 сом;
-Ноокат шаарынын А.Абуваитов атындагы орто мектебине эшик терезелер кою үчүн 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 213 400 сом;
-Х.Самиев атындагы орто мектебине колифер пушка үчүн 709-бөлүмдүн 3112-беренесине 34 500 сом;
-Х. Самиев атындагы орто мектебине веранда куруу жана ашканадан кеткен саркынды сууларга септик куруу үчүн 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 68 600 сом;
-№1 Уркия Салиева атындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесин ремонттоого 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 57 500 сом;
-М.Абдуллаев мектебинин ремонттоого 709-бөлүмдүн 2221-беренесине 56 200 сом;
-Социалдык коргоо тармагына 710-бөлүмдүн 2711-беренесине 45 000 сом;
-Ууна менен тейлөө кызматарына 701-бөлүмдүн 2214-беренесине 30 000 сом;
-Учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметерди жана материалдардын чыгымдары үчүн 701-бөлүмдүн 2222-беренесине 50 000 сом;
-2016-жылда көмүрдөн калаган карызга706-бөлүмдүн 2224-беренесине 31 800 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |