Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы №1
Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ финансы экономикалык бѳлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовтун отчетун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамынын 4-бѳлүмүнүн, 31-беренесинин, 6-пункутуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жѳнүндѳ ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовтун отчету эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын 12 айына такталган планы бюджетинин киреше бѳлүгү 19902,2 миң сом эсебинде бекитилип, 20346,8 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Чыгаша бѳлүгү смета боюнча такталган планы 20887,1 миң сом бекитилсин, 20570,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
4. Ѳндүрүлбѳй калган салыктарды жана ижара акыларды ѳндүрүп кошумча киреше булактарын таап бюджетти толтуруу ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|