Редакцияот 13.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын XIII сессиясы

 

2018-жылдын 13-февралы №4

Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетти жана 2019-2020-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жѳнүндѳ

 

Бүргѳндү айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн Финансы Экономикалык бѳлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовдун айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга планы жана 2019-2020-жылдарга долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамынын 11-бѳлүмүнүн, 31-беренесинин 2,2-пунктуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовтун айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга планы жана 2019-2020-жылдарга долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.

2. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин 2018-жылга бюджети 19078,6 жана 2019-жылга долбоору 19192,1 миң сом, 2020-жылга долбоору 18976,7 миң сом бекитилсин.

3. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашаларынын 2018-жылга бюджети 19078,6 жана 2019-жылга долбоору 19192,1 миң сом, 2020-жылга долбоору 18976,7 миң сом бекитилсин.

4. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын 01-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 200,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ белгиленсин.

5. Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу статья чыгымдарына (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) жана коммуналдык кызмат кѳрсѳтүүлѳргѳ каралсын.

6. Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнѳ карата жана финансы минстрлиги тарабынан берилген ѳзгѳртүүлѳрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү бюджеттин натыйжалуулугун кѳтѳрүү жагы финансы экономика бѳлүмүнүн башчысы А.Мырзакаримовко жүктѳлсүн.

7. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин жетишпестигин жоюу үчүн кошумча каржылоо булактарын табуу жана ички резервтерди пайдалануу менен муниципалдык жерлерди сатуу жана 2017-жылы ѳндүрүлбѳй калган салыктар, ижара акыларды ѳндүрүү боюнча иш алып баруу жагы, киреше булактарын табуу, ѳстүрүү, айыл аймактык социалдык ѳнүгүү маселелерин чечүү жана 2018-жылга белгиленген иш-пландарды аткаруу үчүн айылдын инфра-структураларын ѳнүктүрүү боюнча 533,5 миң сом кошумча каржылоо булактарын табуу айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.

9. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г.Мирзаевге жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Т. Асанбаев