Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы №5
Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн Ношкен айылына курулуп жаткан бала бакчага кошумча жылытуучу буу казан куруу долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу жѳнүндѳ Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун 2018-жылдын 06-февралындагы №24 билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына жана Региондорду ѳнүктүрүү фонддорун түзүүнүн тартиби типтүү Жобого ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн Ношкен айылына курулуп жаткан бала бакчага кошумча жылытуучу буу казан куруу долбоорун жана ишке ашыруу жѳнүндѳ сунушу эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл аймагынын Ношкен айылына курулуп жаткан бала бакчага кошумча жылытуучу буу казан куруу долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу үчүн акча бѳлдүрүү максатында аталган долбоор боюнча тиешелүү документтердаярдалып, Ноокен ѳнүктүрүү фондунун байкоочу кеңешине тапшыруу Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
3. Долбоорду ишке ашыруу үчүн депозиттик негизде тѳлѳнүүчү жамааттык салымды чогултуу, ушул маселени чечүүдѳ жергиликтүү коомчулукту мобилизациялоо Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловко жана Ношкен айылынын бала бакча куруу боюнча түзүлгѳн демилгелүү топко жүктѳлсүн.
4. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге, Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|