Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-февралы №6
Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын 2017-жыл ичинде аткарган иштери боюнча бир жылдык отчетун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамынын 4-бѳлүмүнүн, 31-беренесинин, 6-пункутуна ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун 2017-жыл ичинде аткарган иштери боюнча бир жылдык отчету эске алынсын. (Отчету тиркелет).
2. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун 2017-жыл ичинде аткарган иштери боюнча бир жылдык отчеттук маалыматы канаатандырарлык деп табылсын.
3.Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жыл ичинде аткарган иштеринин кемчилдиктерин тез арада четтетүү жагы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге, Эл чарба, айыл чарба, ѳнѳр жай жана транспорт, энергетика боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы З. Арстанбековко жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|