Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-февраль №1
Бүргөндү айыл ѳкмөтөнүн башчысы А.Сатыкуловдун айыл аймагында жазгы талаа иштерине даярдык жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР Мыйзамына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл аймагынын башчысы А.Сатыкуловдун Бүргөндү айыл аймагында 2018-жылы жазгы талаа иштерине даярдык жөнүндөгү маалыматы кабыл алынсын.
2. Бүргөндү айыл аймагында жазгы талаа иштерин тездетүү үчүн жер айдоого кошумча техникаларды тартуу жагы айыл ѳкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловко милдеттендирилсин.
3. Бүргѳндү айыл аймагында «Достук», М-1-1, М-1-2 каналдарын жана «Жаңы-Арык СА» СПА, «Ношен-Суу» СПА лары чоң арыктарды, каналдарды чаап тазалоодо элдер эккен тал-теректер тоскоол болуусун четтетүүнү колго алуу. Жазгы талаа жумуштарын аткарууда арыктардын, каналдардын жээктеринде жайгашкан дарактарды кыюуга, электр чубалгылардын түбүндѳ ѳскѳн жана аварияга алып келип жаткан дарактарды кыюуга, жаңы имараттарды салууда тоскоол болгон тал-теректерди кыюуга жана мектеп, бала бакчалардагы авариялык абалга алып келүүчү дарактарды кыюуга уруксат берип кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы ѳкмѳт башчысы А. Сатыкуловго жана айыл башчыларга жүктѳлсүн.
4. 2018-жыл сугат мезгилине чейин ички арыктарды, чоң арыктарды тазалоо, ирригациялык курулмаларды оңдоп түзөтүү жагы «Жаңы-Арык СА» СПАнын башчысы М.Мамажановко жана «Ношкен-Суу» СПАнын башчысы Т. Матаевке милдеттендирилсин.
5. Бүргѳндү айыл аймагында сугат мезгилине чейин ички арыктарды, чоң арыктарды, пайнап арыктарды чабууну иретке келтирүү жагы «Жаңы-Арык СА» СПАнын башчысы М.Мамажановко жана «Ношкен-Суу» СПАнын башчысы Т. Матаевке милдеттендирилсин.
6. 2018-жылы сугат мезгилине чейин оң жээк Майлуу-Суу каналын «ПБМСК», «Достук», М-1-1 жана М-1-2 каналдарыннын механикалык тазалоосун аяктоону райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы К.Кудайбердиевге билдирилсин.
7. Фергана каналынын көпүрөсүнүн алдындагы оң жээгин бекемдөө, чөккөн көпүрөнү оңдоо жагы райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Э.Маматаевге, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш, өнөр жай жана мелиорация министири Н.Мурашевко жана Транспорт жана коммуникация министира З.К.Айдаровко билдирилсин.
8. Ношкен айылындагы Фергана каналындагы Төрт-Куур даанасына дарбаза куруу жагы райондук мамлекеттик админстрациясынын башчысы-аким Э.Мамаатаевге жана райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы К.Кудайбердиевге билдирилсин.
9. Достук насостук станциясын жана М-1-1, М-1-2 насостук станцияларды сугат мезгилине чейин даярдыгын колго алуусун Ш.Бакировко билдирилсин.
10. Бүргөндү айыл аймагындагы дыйкандарга минералдык-угуттарды ортомчусуз жеткирүүнү, айдоо техникаларын айылыбызга жардамга келүүсүн Ноокен айыл чарба департаментинин башчысы Т.Эшиевтен суралсын.
11. Бүргөндү айыл аймагындагы жер айдоону, ички арыктардын, чоң арыктардын жана каналдардын өз убагында чабылып тазалануусун жүзөгө ашыруу, көзөмөлдөө айыл ѳкмөттүн башчысы А.Сатыкуловко милдеттендирилсин.
12. Жаңы-Арык жана башка чоң арыктардын эки жээгиндеги курулмаларды, курулуштарды, дарак-теректерди арыктарды тазалоого техникаларга жол ачуу жагы «Жаңы-Арык СА» СПА сынын башчысы М.Мамажановго жана «Ношкен-Суу» СПАнын башчысы Т. Матаевке милдеттендирилсин.
13. Жол, канал чоң арыктардын боюндагы тал, тыт, теректерди кыйдыруу иретке келтирүү боюнча чараларды кѳрүү ѳкмѳт башчысы А. Сатыкуловго жана айыл башчыларга милдеттендирилсин.
14. Мектеп, бала бакча, ооруканалардын жана башка мекемелердин аймагындагы элге кооптуу абал жараткан дарактарды кыйдыруу иретке келтирүү жагы мекеме уюмдардын жетекчилерине жүктѳлсүн.
15. Жайыт бирикмесине энчиктѳѳ багарлар Улуу жайлоолорго кѳчкѳнгѳ чейин жолдорду, кѳпүрѳлѳрдү оңдоп-түзѳтүп жѳнгѳ салуу жагы «Намаздык-Ата» жайыт бирикмесинин башчысы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
16. Жайыт бирикмесине койлорду дары сууга чѳмүлтүүчү жайларды куруу боюнча иш алып баруу жагы «Намаздык-Ата» жайыт бирикмесинин башчысы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
17. Бүргѳндү айыл аймагынын жайыт пайдалануучулары-энчиктѳѳ багарлары «Намаздык-Ата» жайыт бирикмесинен Улуу жайлоолорго кѳчкүчѳ жайыт билеттерин алуулары жайыт бирикмесинин башчысы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
18. Энчиктѳѳ багарларда жеке ишкер катары каттоо жана киреше салыктарын тѳктүрүү жагы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн ага салыкчысы А.Каракожоевке жана Ноокен райондук мамлекеттик салык инспекциясынаын башчысы А.Караевке билдирилсин.
19. Жайыт билет албаган энчиктѳѳ багарларды Улуу жайлоого кѳчүрбѳѳ жагы жайыт бирикмесинин башчысы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
21. Энчиктѳѳ багарлар Улуу жайлоолорго кѳчкѳнгѳ чейин Майлуу-Суу шаарынын бийликтеринен жолго уруксат алуу жайыт бирикмесинин башчысы М.Джолдошовко жана айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловго милдеттендирилсин.
23. Бүргѳндү айыл аймагынын вет.бекетинин кызматкерлери убагында пландаштырылган уй, кой, эчкилерди энчиктѳѳ багарлар кѳчѳ электе эмдѳѳ иштерин колго алуу жагы Бүргѳндү айыл аймагынын вет бекетинин башчысы Ж.Осмоновго милдеттендирилсин.
24. Райондук мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын өз милдеттерин так аткаруусун көзөмөлдөөнү Ноокен райондук админстрациясынын башчысы-аким Э.Маматаевтен суралсын.
25. Бул токтом Ноокен райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
26. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
27. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге, Эл чарба, айыл чарба, ѳнѳр жай жана транспорт, энергетика боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы З. Арстанбековко жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|