Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы №1
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагынын Ношкен айылындагы бала бакча курулушуна каралуучу акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳгү 2018-жылдын 11-майындагы №43 сандуу Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун сунушун карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагынын Ношкен айылындагы бала бакча курулушуна каралуучу акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳгү 2018-жылдын 11-майындагы №43 сандуу Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун сунушу эске алынсын.
2. Ношкен айылындагы бала бакчага каралуучу акча каражатын убагында ажыратып, максаттуу жумшалышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Мырзакаримовго жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сатыкуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Мирзаевке жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|