Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-майы №2
Бүргөндү айыл аймагынын Кыпчак-Талаа айылынын ылдый жагындагы “Жаштык” чек ара тозотунун жанындагы Таза суу кудуктарын тазалап, оңдоо үчүн 600 000 сом акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳгү 2018-жылдын 11-майындагы №42 сандуу Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун сунушун карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешини XXVII-чакырылышынын кезексиз XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл аймагынын Кыпчак-Талаа айылынын ылдый жагындагы Таза суу кудуктарын тазалап, оңдоо үчүн 2018-жылдын 11-майындагы №42 сандуу Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун сунушу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл аймагынын Кыпчак-Талаа айылынын ылдый жагындагы Таза суу кудуктарын тазалап, оңдѳѳ үчүн 600 000 сом акча каражатын убагында ажыратып, максаттуу жумшалышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Мырзакаримовго жана айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловго милдеттендирилсин.
3. Бүргѳндү айыл аймагында таза суу түтүктѳрүнѳн суу чыкпайынча элди таза суу менен касыз кылып туруу каржы маселесин чечүү Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловго жана ФЭБ нун башчысы А.Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г. Мирзаевке жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|