Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 42-3
Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты эсебинен төмөндөгүлөргө бөлүштүрүлүп берилсин:
-Ноокат шаарынын аймагындагы Жами атындагы көчөсүнө жарыктандырууга 706-бөлүмдүн 3111-беренесине 29 000 сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы Ленин атындагы көчөсүнүн тротуарын калыбына келтирүү үчүн 706-бөлүмдүн 3111-беренесине 137 000 сом;
-Ноокат шаарынын аймагындагы К.Жакыпов атындагы көчөсүнүн бир бөлүгүнө тротуар ачуу үчүн 706-бөлүмдүн 3111-беренесине -252 100 сом;
-Соттун аткаруу барактарын аткарууга алуу үчүн 706-бөлүмдүн 2823-беренесине 18 400 сом;
-Мырза Гапаров жана Камбаралы Бобуловтун айкелин Ноокат шаарындагы Н.Исанов атындагы эс алуу багына орнотуу үчүн 706-бөлүмдүн 3111-беренесине 50 000 сом;
-Кара-Турпак участкасынын көчөлөрүнө шагыл тошоо үчүн 706-бөлүмдүн 2221-беренесине 302 000 сом;
-М.Эргешов жана С.Алимбаев атындагы көчөлөрүнө латок орнотуу үчүн 706-бөлүмдүн 3111-беренесине 652 000 сом;
-Кара-Турпак көчөсүнө электр мамыларын орнотуп линия тартуу үчүн 706-бөлүмдүн 3111-беренесине 259 100 сом;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |