БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2018-жылдын 14-майы №4
Бүргөндү айыл аймагындагы №18 М.Молдалиев атындагы орто мектептин жанындагы жаңыдан курулуп жаткан спорт залга элдик салымы үчүн 10 000 сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бѳлүп берүү жөнүндө
Бүргөндү айыл аймагындагы №18 М.Молдалиев атындагы орто мектептин жанындагы жаңыдан курулуп жаткан спорт залга элдик салымы үчүн 10 000 сом акча карадатын жергиликтүү бюджеттен бѳлүп берүү жѳнүндѳгү Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун 2018-жылдын 11-майындагы №34 сандуу сунушун карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл аймагындагы №18 М.Молдалиев атындагы орто мектептин жанындагы жаңыдан курулуп жаткан спорт залга элдик салымы үчүн 10 000 сом акча карадатын жергиликтүү бюджеттен бѳлүп берүү жѳнүндѳгү Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун 2018-жылдын 11-майындагы №34 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл аймагындагы №18 М.Молдалиев атындагы орто мектептин жанындагы жаңыдан курулуп жаткан спорт залга элдик салымы үчүн каралуучу акча каражатын убагында ажыратып, максаттуу жумшалышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А. Мырзакаримовго жана айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г. Мирзаевке жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Асанбаев |
|
|