Редакцияот 07.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

 

2018-жылдын 07-сентябры №3

Бүргөндү айыл аймагынын «Жаңы-Арык» айылына тазалык боюнча ишкана ачуу жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳгү”, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун муниципалдык менчиги” жана “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун Финансы-Экономикалык негиздери жѳнүндѳгү” Мыйзамдарын жетекчиликке алып Бүргөндү айыл ѳкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана кѳртѳндүрүү муниципалдык ишканасын түзүү айыл ѳкмѳттүн кызматкери О.Мамадиев тарабынан колго алынсын.

2. Түзүлгѳн мекеменин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, ченемдик укуктук актыларын, Бүргѳндү айылдык кеңешинин токтомдорун жана айыл ѳкмѳттүн буйруктарын жетекчилике алуу менен жүргүзүлсүн.

3. Жаңы түзүлгѳн мекеменин тегерек мѳѳрү, тѳрт бурчтуу штампы, банктык мекемелерде эсептик счеттору бар, ѳз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, ѳз алдынча балансага ээ.

4. Мекеменин толук аталышы: Ноокен районуна караштуу Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн санитардык тазалоо, жашылдандыруу, кѳрктѳндүрүү муниципалдык ишканасы деп аталсын.

5. Жаңы түзүлгѳн мекеменин жетекчисин айыл ѳкмѳтү тарабынан дайындоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловго жүктѳлсүн.

6. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.

7. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Социалдык, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, жаштар, дене-тарбия жана спорт боюнча комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктѳлсүн.

 

Тѳрага:

З. Арстанбеков