Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-сентябры №4
Бүргѳндү айыл аймагына курула турган кѳпүрѳлѳр, Майлуу-Суу сайынын жээгин бекемдѳѳ боюнча айыл ѳкмѳт башчы А.Сатыкуловдун 2018-жылдын 22-августундагы №59 сандуу сунушун карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун сунушу эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл аймагынын Ж.Каракожоев кѳчѳсүндѳгү кѳпүрѳгѳ-20 000 сом, Жүзүм-Бак кѳчѳсүндѳгү эки кѳпүрѳгѳ-40 000 сом, Ат-Чабар кѳчѳсүндѳгү эки кѳпүрѳгѳ-40 000 сом, Майлуу-Суу дарыясынын жээгин бекемдѳѳгѳ-100 000 сом салым акча каражаты бѳлүп берилсин.
3. Бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБү нүн башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Долбоорду ишке ашыруу үчүн эл арасында бул долбоордун маанилүүлүгүн түшүндүрүү менен ушул долбоорду жүзѳгѳ ашырууда элди курулушка кѳмѳк кѳрсѳтүү жагын уюштурууну айыл ѳкмѳт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага: | З. Арстанбеков |
|
|