Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-сентябры №5
Бүргѳндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя Таза Суу ишканасына трансформаторун алмаштыруу жана суу сордуруучу насосун алмаштыруу боюнча айыл ѳкмѳт башчы А.Сатыкуловдун 2018-жылдын 22-августундагы №61 сандуу сунушун карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун сунушу эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл аймагынын Кызыл-Кыя Таза Суу ишканасынын трансформаторуна-75 000 сом, суу насосту оңдоого-65 000 сом акча каражаты бѳлүп берилсин.
3. Бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБү нүн башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Таза Суу ишканасынын ремонт иштерине кѳмѳк кѳрсѳтүү жагын уюштурууну айыл ѳкмѳт башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага: | З. Арстанбеков |
|
|