Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-сентябры №6
Демѳѳрчүлѳрдүн эсебинен Бүргѳндү айыл аймагында курулуп жаткан ФАП ка айыл ѳкмѳтүнүн 5% салымдары боюнча Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун 2018-жылдын 05-сентябрындагы сунушун карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун сунушу эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя айылына жаңы ФАП имаратын куруу боюнча долбоору приоритеттүү деп белгиленсин.
3. Демѳѳрчүлѳрдүн эсебинен Кызыл-Кыя айылына кошумча жаңы ФАП имаратын куруу боюнча долбооруна Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 5 % дык 280 000 (эки жүз сексен миң) сом салым акча каражаты бѳлүп берилсин.
4. Бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нүн башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук “Ноокен Жаңырыгы” гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага: | З. Арстанбеков |
|
|