Редакцияот 07.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVII сессиясы

 

2018-жылдын 07-сентябры №7

Бүргѳндү айыл аймагындагы айыл ѳкмѳттүн имаратына интернет байланыш улатууга жергиликтүү бюджеттен 350 000 сом акча каражаты бѳлүп берүү жѳнүндѳ

 

Бүргѳндү айыл аймагында кѳп жылдардан бери интернет байланыш жоктугуна байланыштуу айыл ѳкмѳт башчы А.Сатыкулов тарабынан 2018-жылдын 22-августундагы №60 сандуу сунушун карап, угуп жана талкуулап “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамына ылайык Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун сунушу эске алынсын.

2. Бүргѳндү айыл аймагында кѳп жылдан бери интернет байланыш жок болгон. Ушул интернет байланышты улатууга жергиликтүү бюджеттен 350 000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты бѳлүп берилсин.

3. Бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБү нүн башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.

4. Интернет байланышын улоо жагын уюштурууну айыл ѳкмѳт башчысы А. Сатыкуловко жүктѳлсүн.

5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.

7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жүктөлсүн. 

Тѳрага:

З. Арстанбеков