Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-сентябры №8
Бүргөндү айыл ѳкмөтүнүн жооптуу катчысы М. Ахмедовдун участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндөгү Борбордук Шайлоо Комиссиясынын Ноокен АШК дагы атайын ѳкүлү М.Маматовдун 2018-жылдын 08-августундагы №18 сандуу катында кѳрсѳтүлгѳн маалыматын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлүнүн 2018-жылдын 08-августундагы №18 сандуу каты эске алынсын.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы №2197-Кызыл-Кыя, №2198-Бүргөндү, №2199-Жаңы-Арык, №2200-Жеңиш, №2201-Ношкен жана №2401-Ак-Бата шайлоо участкаларынын комиссия курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. (жети) барактан турган тиркеме тиркелет.
3. Тиркемедеги комиссия курамын мыйзамга ылайык бекитип берүү жагы
Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынан суралсын.
4. Участкалык шайлоо комиссияларынын тизмесин бекитүүдө керектүү иш
кагаздарын даярдап, толуктап аймактык шайлоо комиссиясына алып барып тапшыруу жагы жооптуу катчы М.Ахмедовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин
Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча укуктук комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Тѳрага: | З. Арстанбеков |
|
|