Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 42-4
Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак кварталынын Кара-Турпак көчөсүнө суу түтүктөрүн тартуу жана алмаштыруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак кварталынын Кара-Турпак көчөсүнө суу түтүктөрүн тартуу жана алмаштыруу үчүн "Ноокат суу канал" чарбалык иштерди жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканага акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Кара-Турпак кварталынын Кара-Турпак көчөсүнө суу түтүктөрүн тартуу жана алмаштыруу үчүн "Ноокат суу канал" чарбалык иштерди жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканага 200 000 сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |