Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-сентябры №9
Бүргөндү айыл ѳкмөтүнѳ “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин жетекчиси М.Джолдошовдун кайрылуусунун негизинде Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун айылдык кеңештин сессиясына сунуштаган сунушун угуп жана талкуулап КР нын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин, 1-пункутуна, 5-беренесинин, 2-пунктуна, 11-беренесинин, 3-пунктуна ошондой эле 14-берененин, 2-пунктуна жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР нын мыйзамына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин жетекчиси М.Джолдошовдун кайрылуусунун негизинде Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А.Сатыкуловдун сунуш эске алынсын.
2. Айыл өкмөттүн аймагындагы “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин Чынар-Сай участкасынан 0,30 га жер тилкеси скважина куруу үчүн жана Караган-Тескей участкасынан 0,30 га жер тилкеси баня куруу үчүн ажыратылып берилсин.
3. Иш кагаздарын даярдоо жагы “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин жетекчиси М.Джолдошовго жана айыл ѳкмѳттүн жер маселелери боюнча убактылуу милдетин аткаруучу адиси А.Оморбековго жүктѳлсүн.
4. Бериген жер аянттарынын тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокен райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан, Ноокен райжермамкаттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча укуктук комиссиянын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Тѳрага: | З. Арстанбеков |
|
|