Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры №1
Бүргѳндү айыл аймагынын Ношкен айылындагы Кайырма кѳчѳсүнѳ бир нече жылдан бери электр энергиясы үзгүлтүккѳ учурап жаткан, ошол кѳйгѳйдү чечүүгѳ айыл ѳкмѳт башчысы А.Сатыкуловдун сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловтун сунушу эске алынсын.
2. Ношкен айылынын Кайырма кѳчѳсүнѳ трансформатор орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 100 000 (бир жүз миң) сом акча каражаты бѳлүп берилсин.
3. Бѳлүнгѳн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл ѳкмѳтүнүн ФЭБ нүн башчысы А. Мырзакаримовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жана Социалдык, саламаттыкты сактоо, экономика жана тазалыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К. Калбековго жүктөлсүн.
Тѳрага: | З. Арстанбеков |
|
|