Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры №2
Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы Бүргѳндү айылдык кеңешине жазган №25 сандуу сунушунун 1,2-пункттары орундалбагандыгына байланыштуу Бүргѳндү айылдык кеңешинин тѳрагасы Арстанбеков Зайырбектин комиссия түзүүнү жѳнүндѳгү сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVIII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн 2018-жылдын 24-сентябрындагы Бүргѳндү айылдык кеңешине жазган №25 сандуу сунушу жана Бүргөндү айылдык кеңешинин тѳрагасы Арстанбеков Зайырбектин демилгеси эске алынсын.
2. Бүргѳндү айыл аймагында жер мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу, коррупцияга жол бербѳѳ максатында КБФ дунун сугат айдоо, кѳп жылдык бак жерлерин, айыл арасындагы жайыт, муниципалдык жерлерди жана жеке менчикте турбаган жерлердин аянттарын тактап, алардын пайдаланылышына кѳзѳмѳл жүргүзүү үчүн тѳмѳнкүдѳй курамда комиссия түзүлсүн:
1). Халиев Абдиганы: “Жаңы-Арык СА” СПА нын кеңешинин тѳрагасы-Комиссиянын тѳрагасы (ѳз макулдугу менен);
2). Мамиров Самат: Комиссиянын катчысы;
3). Айыл ѳкмѳт башчысынын орун басары: Комиссиянын мүчѳсү;
4). Доронов Сатыбалды: Айылдык кеңештин депутаты-Комиссиянын мүчѳсү;
5). Маматаев Сагынбек: Айылдык кеңештин депутаты-Комиссиянын мүчѳсү;
6). Токторали уулу Кайрат: Айылдык кеңештин депутаты-Комиссиянын мүчѳсү;
7). Маккамов Маматвали: Айылдык кеңештин депутаты-Комиссиянын мүчѳсү.
3. Комиссиянын иш жүргүзүүсүндѳ айыл ѳкмѳт башчысы, жер адиси, ФЭБ башчысы жардам берүүсү милдеттендирилсин.
4. Комиссия жүргүзүлгѳн иштер боюнча ар 10 күндѳ бир жолудан айылдык кеңешинин тѳрагасына маалымат берип тулуусу милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлѳѳнү ѳзүмѳ калтырамын.
Тѳрага: | З. Арстанбеков |
|
|