Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры №3
“Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин башчысы М.Джолдошовдун 2018-жылга иш планын жана бюджетин кайрадан АРИС долбооруна керектигине байланыштуу бекитүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап “Жайыттар жѳнүндѳ” КР нын Мыйзамынын 6,7,8-беренелерине ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз XVIII –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин башчысы М.Джолдошовдун 2018-жылга иш планын жана бюджетин кайрадан бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын.
2. “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин 2018-жылга карата түзүлгѳн иш планы кайрадан бекитилсин.
3. “Намаздык-Ата” жайыт бирикмесинин 2018-жылга карата бекитилген иш планы жана бюджети 2018-жылдын 02-февралында XXVII-чакырылышынын кезектеги XII-сессиясынын №11 сандуу токтому ѳз күчүндѳ калтырылсын.
4. “Намаздык-Ата” жайыт комитетине караштуу жайыттардын кыртышын, пычан жайыт жерлердин кыртышын сактоо боюнча иш чара иштеп чыгуу жагы жайыт комитетине жүктөлсүн.
5. Бул токтом Ноокен райондук малекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышы айыл ѳкмѳт башчы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Эл чарбасы, айыл чарба, өнөр жай, транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы ________________________ жүктөлсүн.
Тѳрага: | З. Арстанбеков |
|
|