Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры №4
Бүргөндү аыйл өкмөтүнүн аймагындагы «Намаздык-Ата» жайыт бирикмесинин жетекчиси М.Джолдошовтун 20.09.2018-жылдагы №Д-33 сандуу айылдык кеңешине жазган кайрылуусун карап, угуп жана талкуулап КР нын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесинин, 1-пункутуна, 5-беренесинин, 2-пунктуна, 11-беренесинин, 3-пунктуна ошондой эле 14-берененин, 2-пунктуна жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР нын мыйзамына ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII- чакырылышынын кезектеги XVIII--сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Намаздык-Ата» жайыт комитетинин жетекчиси М.Джолдошовдун Фронтальный погрузчик LOVOL FL 953 атайын техниканын коммерциялык максаттагы кызмат кѳрсѳтүүлѳрүнүн тарифи боюнча кайрылуусу эске алынсын.
2. «Намаздык-Ата» жайыт комитетинин жетекчиси М.Джолдошовдун Фронтальный погрузчик LOVOL FL 953 атайын техниканын коммерциялык максаттагы кызмат кѳрсѳтүүлѳрүнүн тарифи бекитилсин.
3. Бүргөндү айыл өкмөтү «Намаздын-Ата» жайыт комитети менен Бүргѳндү айыл ѳкмѳтү аталган техниканы эки тараптуу келишимин мыйзам чегинде түзүү милдеттендирилсин.
4. Эки тараптын келишими жана келишимдик каттары Бүргөндү айылдык кеңешине түшкөндөн кийин бул төлөм күчүнѳ кирет.
5. «Намаздын –Ата» жайыт комитети жайыт акыларынын тийешелүү түзүүчү бөлүгү жергиликтүү бюджетке түшүшүн камсыз кылуу жана жайыт комитеттин башчысы М.Джолдошовко милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Ноокен райондук мамлекекттик адмистрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
9. Токтомдун аткарылышы Бүргөндү айыл өкөтүнүн башчысы А,Сатымкыловко милдеттендирилсин.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, ишкердүүлүтү, чыкан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Мирзаевке жүктөлсүн.
Тѳрага: | З. Арстанбеков |
|
|