Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры №5
Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын чечимине ылайык Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын кезексиз XVIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл ѳкмѳтүнүн ветеринардык адиси Ж.Осмоновдун сунушу кабыл алынсын.
2. Бүргөндү айыл аймагында үй жаныбарларын жугуштуу ооруларга каршы эмдѳѳ акылары бир баш, үй жаныбарлары үчүн тѳмѳнкүдѳй бекитилсин:
-Жылкыга-50 сом;
-Кара малга-50 сом;
-Кой, эчкиге-10 сом;
-Итке-50 сом;
-Тооко-3 сом.
3. Бүргѳндү айыл аймагында үй жаныбарларын ветеринардык талаптарга ылайык, белгиленген мѳѳнѳттѳ сапаттуу вакциналар менен эмдѳѳ Ж.Осмоновко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ноокен райондук «Ноокен Жаңырыгы» гезитине жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышы Бүргѳндү айыл ѳкмѳтүнүн башчысы А. Сатыкуловго милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгѳ алуу жагы Бүргѳндү айылдык кеңешинин финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести ѳнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын тѳрагасы Г. Мирзаевге жүктөлсүн.
Тѳрага: | З. Арстанбеков |
|
|