Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 42-5
Ноокат шаар аймагынын көчөлөрүндөгү көп жылдык бак-дарактарды кыркууга уруксат берүү жөнүндө
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 11-мартындагы Ноокат районун калктуу конуштардагы электр чубалгыларын бак-дарактардан тазалоо иштерин жүргүзүү жөнүндөгү №62-б буйругунун негизинде Ноокат шаар аймагынын көчөлөрүндөгү көп жылдык бак-дарактардын бүгүнкү күндө эскилиги жетип, адам өмүрүнө жана атайын уюшулган автотоктомдорго токтотулган автоунааларга коркунуч жаратуу менен бирге шаар аймагындагы көчөлөргө орнотулган лотоктордун дүмүрлөрүн бузуп, жамгыр жааган убакта суу көбөйүп, натыйжада жолго суу ашкандыгы жана катуу шамал, жаан чачындарда адамдардын коопсуздугуна да коркунуч жараткандыгын эске алып, Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2017-жылдын 24-январындагы №07-4ү13 катын талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук экология бөлүмүнүн уруксаты менен Ноокат шаар аймагынын көчөлөрүндөгү көп жылдык эскилиги жеткен бак-дарактарды кыркууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин муниципиалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |