Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014 -жылдын 12-марты №1
Маданият айылынын Урмарал орто мектебинде актовый зал жок болгондугуна байланыштуу, мектептин директору Д.Сооронкуловдун кайрылуусун угуп талкуулап, айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Урмарал орто мектебинин актовый зал куруу максатында тегерегиндеги 80 (сексен) түп теректи кесип пайдалансын.
2. Теректерди кесүүгө уруксат берүү жагы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгына тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Султаналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага | К.О. Жорготаев |
|
|