Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014 -жылдын 03-апрели №4
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айылдык аймагынын Көк-Таш айылындагы Эсенбек Дуйшеев атындагы орто мектептин имаратын капиталдык оӊдоодон өткөрүү максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Мектептин имаратын капиталдык оӊдоодон өткөрүү боюнча долбоорду даярдоо жагы мектептин директору Камчыбеков Умарбекке тапшырылсын.
3. Мектептин капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун сметасынын жалпы суммасы 3397937 (үч миллион токсон жети миң тогуз жүз отуз жети) сомду белгиленсин.
4. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымга тиешелүү сумма 3397937 (үч миллион токсон жети миң тогуз жүз отуз жети) сомду түзүп: айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинен 198968 (бир жүз токсон сегиз миң тогуз жүз алтымыш сегиз) сому которулсун. Мындан сырткары, өздүк салымдан калган 50% бөлүгү 198968 сомду материал түрүндө жана эмгек ресурсу менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин төрагасы К.Жорготаевге тапшырылсын.
Тѳрага | К. Жорготаев |
|
|