Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 42-6
Ноокат шаарынын аймагындагы кара малдарды идентификациялоо, кулагына биркаларды тагууга ар бир мал үчүн кызмат акы алууга макулдук берүү жөнүндө
2013-жылдын 6-июнундагы кара малдарды идентификациялоо жана "Ветеринария" жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, 2014-жылдын 5-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №694-токтому менен бекитилген Кыргызстанда жаныбарларды идентификациялоо эрежелеринин негизинде пилоттук район болуп тандалип, аталган долбоордун үстүндө иш алып барылуусуна байланыштуу Ош облусунун Ноокат районунун аймагында малды идентификациялоо, малга идентификациялык номерди берүү тартибин жүргүзүү жана уюштуруу боюнча 2017-жылдын 17-январында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясында өткөрүлгөн жыйындын №1-протоколун аткарууга алуу максатында, ар бир малдын кулагына бирка тагуу үчүн кызмат акы алуу каралган. Ноокат шаарынын аймагында малдардын кулагына биркаларды тагууга тийиштүү кызматкерлерге ар бир мал үчүн 30 сомдон акы берүү көрсөтүүлгөндүгү жөнүндөгү Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын 24-январындагы №01-15ү8 сураныч катын жана Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагында идентификациялоо жүргүзү боюнча малдардын кулагына биркаларды тагууга тийиштүү кызмат көрсөткөдүгү үчүн малды ээси тарабынан ар бир мал үчүн 30 сомдон төлөп берүүсүна макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу.
Төрага | А. Гафаров |