Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014 -жылдын 03-апрели №6
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл аймагынын Маданият айылындагы Үрмарал орто мектебинин имаратынын жанына кошумча актовый зал салуу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Мектепке кошумча актовый зал салуу боюнча долбоорду даярдоо жагы Соронкулов Дамирге ташпырылсын.
3. Мектептин актовый залын салуу долбоорунун сметасынын жалпы суммасы 3249965 (үч миллион эки жүз кырк тогуз миң тогуз жүз алтымыш беш) сом түзгөндүгү белгиленсин.
4. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымга тиешелүү сумма 324996 (үч жүз жыйырма төрт миӊ тогуз жүз токсон алты) сомду түзүп: айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджетинен 162498 (бир жүз алтымыш эки миӊ төрт жүз токсон сегиз) сому которулсун. Мындан сырткары өздүк салымдан калган 50% пайыз бөлүгү 162498 (бир жүз алтымыш эки миӊ төрт жүз токсон сегиз) сомду жумушчу күч менен жана материалдык ресурстар менен төлөнүп, камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Токтомдум аткарылышын көзөмөлдөө жагы: айыл өкмөтүнун башчысы Ш.Султаналиевге тапшырылсын.
Тѳрага | К. Жорготаев |
|
|