Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели №3
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы бюджети:
• Таза кирешелер боюнча: 5645,3 миң сом;
• Теңдөөчү грант: 2624,0 миң сом.
Жалпысы 8269,3 миң сом өлчөмүндө аткарылыштары менен бекитилсин.
2. Акназаров айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бюджетинин көлөмү кирешеси жана чыгашасы боюнча 8269,3 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
• Теңдөөчү грант - 2624,0 миң сом;
• Айлык акыдан кармалуучу киреше салыгы - 1350,0 миң сом;
• Сатуудан алынуучу салык - 45,0 миң сом;
• Транспорт ээлеринен алынуучу салык - 320,0 миң сом;
• Юридикалык жер салыгы - 1243,8 миң сом;
• Короо жер салыгы - 172,2 миң сом;
• Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы - 21,0 миң сом;
• КБФ ижара акысы - 1555,8 миң сом;
• Калктуу конуштардын ижара акысы - 48,0 миң сом;
• Патенттик негизде алынуучу киреше салыгы - 193,0 миң сом;
• Кыймылсыз мүлктөн алынуучу салык - 4,0 миң сом;
• Административдик айып - 10,0 миң сом;
• Мамлекеттик пошлина - 52,0 миң сом;
• Атайын каражат - 630,0 миң сом;
Чыгашалар бөлүгү 8269,3 миң сом өлчөмүндө атайын каражат төмөндөгү бөлүмдөр боюнча:
• Башкаруу аппаратына - 2929,7 миң сом;
• Билим берүү бөлүмүнө - 1550,9 миң сом;
• Бала-бакча бөлүмүнө - 1193,2 миң сом;
• Социалдык коргоо бөлүмүнө - 428,7 миң сом;
• ЖКХ бөлүмүнө - 1644,9 миң сом;
• Китепкана бөлүмүнө - 178,8 миң сом;
• Айылдык клуб - 223,1 миң сом;
• Жарандык коргоо жана өзгөчө кырдаал - 120,0 миң сом.
3. 2014-жылдын 1-январына айылдык бюджеттин эсебиндеги кассалык акча жүгүртүү каражатынын көлөмү 2,0 миӊ сом өлчөмүндө белгиленсин.
4. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2014-жылдын 10-январындагы №1/5 буйругуна ылайык, 2014-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120,0 миӊ сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын ” 21-статьясынын негизинде 2014-жылдын чыгаша көлөмүнөн 100,0 миӊ сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп, айыл өкмөтүнүн башчысынын тескөөсүндө берилсин.
5. 2014-жылдын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан тышкары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Т.Жанкорозовага тапшырылсын.
6. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүгө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун. Ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
7. Салык кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын чегерүүнүн коэффиценти К,1=1,0 болуп белгиленсин.
8. 2015-жылга бюджеттин божомолунун көлөмү киреше-чыгаша менен 8589,5 миң сом анын ичинен:
• Теңдөөчү грант - 3660,0 миӊ сом;
• Мамлекеттик салыктардын чегерүүсү - 4298,9 миӊ сом;
• Атайын каражат - 630,0 миӊ сом;
9. 2016-жылга бюджеттин көлөмү киреше-чыгашасы менен 8862,0 миң сом анын ичинен:
• Теӊдөөчү грант - 3800,0 миң сом;
• Мамлекеттик салыктардын чегерүүсү - 4432,0 миӊ сом;
• Атайын каражат - 630,0 миң сом.
10. 2017-жылга бюджеттин көлөмү киреше-чыгашасы менен 9312,0 миң сом анын ичинен:
Теңдөөчү грант - 4200,0 миң сом;
Салык - 4482,0 миң сом;
Атайын каражат - 630,0 миң сом.
11. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңештин бюджет маселеси боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага: | К. Жорготаев |
|
|