Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 25-январы № 42-7
Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы муниципалдык жылуулук менен камсыздоо мекемесине А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жылылук берүү магистралдык трассасынын ондоо үчүн 253 500 сом Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын 1-январына карата калган калдыкты эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |