Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-апрели №5
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы 517 сандуу токтому менен бекитилген “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун” 1-бөлүмүнүн 2-пунктунда “Жер участокторуна менчик же ижара укугун акы төлөө менен берүүнү ыйгарым укуктуу орган ачык тоорукта ишке ашырат жана жер участокко менчик же ижара укугун берүү боюнча ачык тооруктар аукцион жана конкурс түрүндө өткөрүлөт” деген мыйзамын жетекчиликке алып, Акназаров айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 5-ноябрындагы кезектеги 9-сессиясынын №3 сандуу “Маданият айылынын тургуну Коккозов Айбекке айыл өкмөтүнүн балансындагы эски кырмандагы 2 склад тосулуп турган жер аянтын 10 жылдык мөөнөт менен ижарага берүү” жөнүндөгү токтому жокко чыгарылсын.
2. Аталган жер аянты айыл өкмөтүнүн менчигине кайтарылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер, муниципалдык менчик боюнча башкы адисинин убактылуу милдетин аткаруучусу К.Баркыбаевгке милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ш.Султаналиевге тапшырылсын.
Тѳрага: | К. Жорготаев |
|
|