Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-декабры №1
Акназаров айылдык кеңешинин 30-чакырылышындагы депутаттарынын 2014-жылдын 24-декабрындагы кезектеги 18-сессиясында Акназаров айыл өкмөт башчысы Султаналиев Шамил Кушубаковичтин 2014-жылдагы 9 айлык аткарган иштеринин жыйынтыгын угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акназаров айыл өкмөт башчысы Султаналиев Шамил Кушубаковичке мыйзам бузуучулукка жол бергендиги жана уюштуруу иштери баш аламандыкка учуратып өз милдеттерине кайдыгер мамиле жасагандыгы үчүн ишеним көрсөтпөйт.
2. Султаналиев Шамил Кушубаковичти Акназаров айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотуу жагы Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Осмонбеков Канимет Бийзаковичке сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын жагы Акназаров айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Субаналиев Саматка жүктөлсүн.
4. Токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлдөө жагын кеңештин төрагасынын орун басары Уметканов Джаныбекке жүктөлсүн.
Тѳрага: | К.О. Жорготаев |
|
|