Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № ХVI-3
Ноокат шаарынын борбордук айлампасында жайгашкан юртага электродиоттук лента жана Ноокат районунун 90-жылдыгына 3 даана рекламалык щит сатып алып, орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын борбордук айлампасында жайгашкан юртага электродиоттук лента жана Ноокат районунун 90-жылдыгына 3 даана рекламалык щит сатып үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын бюджетинин 706 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен 127 400 (бир жүз жыйырма жети миң төрт жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |