Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № ХVI-4
Ноокат шаарынын О.Солтобаев атындагы көчөсүнүн электр чубалгыларын жаңылоо, мамычаларын, тунку жарыктандыруу чырактарын сатып алып, орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын О.Солтобаев атындагы көчөсүнүн электр чубалгыларын жаңылоо, мамычаларын, тунку жарыктандыруу чырактарын сатып алып, орнотуу үчүн тендерден үнөмдөлгөн каражатынын эебинен 194 970 (бир жүз токсон төрт миң тогуз жүз жетимиш) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |