Редакцияот 30.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын ХVI сессиясы

 

2018-жылдын 30-ноябры № ХVI-5

Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин жаңы имаратына инженердик изилдөө иштери жана долбоордук-сметалык документтерин экспертизадан өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин жаңы имаратына инженердик изилдөө иштери жана долбоордук-сметалык документтерин экспертизадан өткөрүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тендерден үнөмдөлгөн каражаттын эебинен Ноокат шаарынын аймагындагы Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин жаңы имаратына:

-Инженердик изилдөө иштери үчүн 70 000 (жетимиш миң) сом;

-Долбоордук-сметалык документтерин экспертизадан өткөрүү үчүн 132 000 (бир жүз отуз эки миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

А. Гафаров