Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № ХVI-6
Ноокат шаарынын аймагында аткарыла турган жумуштарга керектелүүчү иш кагаздарын даярдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2018-жыл бюджетинин 709 бөлүмүнүн 3111-беренесинин эсебинен:
-Ноокат таңы гезитинин редакциясына жарыя жарнак үчүн 2 800 (эки миң сегиз жүз) сом;
-Ноокат таңы гезитинин редакциясына жарыя жарнак үчүн 1 200 (бир миң эки жүз) сом;
-Ноокат райондук архитектура жана шааркурулушу боюнча башкармалыгына:
-Борбордук айлампанын түштүк тарабына электрондук жарнамалык тактача орнотууга АПЗ, топо тасма, тех. корутунду үчүн 11 600 (он бир миң алты жүз) сом;
- А.Лутфуллаев атындагы көчөсүнө тротуар ачуу, Кара-Турпак кварталына Фап курууга жана Ноокат шаарынын башкы планын жасатуу үчүн 3 даана АПЗ, 2 даана топо тасма, 2 даана тех. корутунду үчүн 38 993 (отуз сегиз миң тогуз жүз токсон үч) сом;
-Ноокат шаарындагы Н.Исанов паркына женил конструкциядан убактылуу курулуш курууга долбоор жасоо, Ноокат шаарынын аймагындагы айлампанын айланасына рекламалык щиттердин долбоорун жасоо, Ноокат шаарынын аймагындагы Ош жана О.Солтобаев атындагы көчөлөрүнө тосмолорду орнотууга долбоор жасоо жана балдар аянтчасына эскиздик долбоор жасатуу үчүн 58 000 (элүү сегиз миң) сом;
-Ноокат райондук мамкаттоо башкармалыгына Кара-Турпак кварталындагы Х.Самиев атындагы орто мектебинин жер аянтынын ичинен Фап куруу үчүн 2 даана гос акт жасатуу үчүн 10 050 (он миң элүү) сом;
-Кыргыз Телекомго интернет байланышы үчүн 289,86 (эки жүз сексен тогуз сом сексен алты) тыйын;
-ММК газетасынын редакциясына жарыя жарнак үчүн 500 (беш жүз) сом;
-Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы ММДнин кызматкерлерин мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнө окутуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом;
-Карыз калдыктар 4 435 (төрт миң төрт жүз отуз беш) сом;
Жалпы: 142 867 (бир жүз кырк эки миң сегиз жүз алтымыш жети) сом 86 (сексен алты) тыйын
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |