Редакцияот 30.11.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ноокат шаардык кеңешинин V чакырылышынын ХVI сессиясы

 

2018-жылдын 30-ноябры № ХVI-11

Ноокат шаарынын аймагындагы ар бир кварталдардагы көчөлөрдүн, турак жай мекемелеринин аталыштарын, үйлөрдүн, батирлердын, курулуп жаткан үйлөрдүн номерин табличкалар менен камсыз кылуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

 

Ноокат шаарынын аймагындагы ар бир кварталдардагы көчөлөрдүн, турак жай мекемелеринин аталыштарын, үйлөрдүн, батирлердын, курулуп жаткан үйлөрдүн номерин табличкалар менен камсыз кылуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагындагы ар бир кварталдардагы көчөлөрдүн, турак жай мекемелеринин аталыштарын, үйлөрдүн, батирлердын, курулуп жаткан үйлөрдүн номерин табличкалар менен камсыз кылуу үчүн тендерден үнөмдөлгөн каражатынын эебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Тѳрага

А. Гафаров