Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-ноябры № ХVI-12
Ноокат шаарынын аймагындагы ар бир кожолуктун үйлөрүнө инвентаризация жүргүзүү, мамлекеттик каттоо кызматынын АСР дин дарегине карата тактоо, чарбалык китептердин маалыматтарына адрестерин дал келтирүү, “Бүркүт” маалымат программасынын базасын жаңылоону камсыз кылуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык мэриясынын сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы ар бир кожолуктун үйлөрүнө инвентаризация жүргүзүү, мамлекеттик каттоо кызматынын АСР дин дарегине карата тактоо, чарбалык китептердин маалыматтарына адрестерин дал келтирүү, “Бүркүт” маалымат программасынын базасын жаңылоону камсыз кылуу үчүн тендерден үнөмдөлгөн каражатынын эебинен 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Гафаров |