Загрузка документа…
КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-ноябры №2
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө Типтүү келишимдин жаңы нускасын карап чыгып Кең-Арал айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик актыда көрсөтүлгөн 4996га жайыт жер жайыт пайдалануучулар бирикмесине жаңы нускадагы Типтүү келишим менен өткөрүлүп берилсин.
2. Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы менен жайыт комитетинин ортосунда жаңы типтеги келишим түзүлсүн.
3. Токтомду аткаруу жагы жайыт комитетинин төрагасына С.Султаналиевге милдетттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | И. Жумабеков |
|
|