Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 08-апрели №11-1
Ат-Башы айылындагы орто мектептердин жана бала бакчалардын 2013-жылы аткарган иштери тууралуу кагаз жүзүндө отчеттору жок болгондуктан, кагаз жүзүндөгү отчеттор менен алдын ала таанышкандан кийин кийинки сессияда кароо тууралуу айылдык кеңештин айрым депутаттарынын сунушун талкуулап, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылындагы орто мектептердин жана бала бакчалардын 2013-жылы аткарган иштерин кароо Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кийинки сессиясына калтырылсын;
2. Ат-Башы айыл аймагынын айыдык кеңешинин кийинки сессиясына Ат-Башы айылындагы орто мектептердин жана бала бакчалардын жетекчилери орто мектептердин жана бала бакчалардын 2013-жылы аткарган иштери тууралуу кагаз жүзүндө отчетторун тапшырышсын.
Тѳрага | К. Абдылдаев |
|
|