Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 08-апрели №11-5
Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансындагы турак үйлөрдүн бирин өзүнүн жеке менчигине бөлүп берүү тууралуу Ак-Сай өрөөнүндөгү ФАПтын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин кайрылуусу менен таанышып, талкуулап, депутаттардын сунуштарына ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансындагы турак үйлөрдүн бирин өзүнүн жеке менчигине бөлүп берүү тууралуу Ак-Сай өрөөнүндөгү ФАПтын тез жардам унаасынын айдоочусу Казиев Кубатбектин кайрылуусун кароо кийинки сессияга калтырылсын.
2. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кещешинин депутаттарынан турган комиссия Ак-Сай өрөөнүндө жайгашкан Ат-Башы айыл өкмөтүнүн балансындагы турак үйлөрдүн абалы менен жеринде таанышып келип, кийинки сессияга сунушун берсин.
3. Бул токтомдун 2-пунктунун аткарууну уюштуруу жагы Ат-Башы айылдык кещешинин төрагасы К.Абдылдаевге тапшырылсын.
Тѳрага | К. Абдылдаев |
|
|