Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 08-апрели №11-6
Ит жаныбарынан жугуштуу (эхинококкоз, альвекокоз) ооруларды таратууга чектөө коюу менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 17-март 2014-жылдагы № 46-б буйругун аткаруу максатында Ат-Башы айылдык кеңеши КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылында ит жана мышыкты жугуштуу оорулардан алдын алып багуу, коомчулукка зыян келтирбөө максатында санак жана каттоо иштери 2014-жылдын 1-майына чейин жүргүзүлсүн;
2. 2014-жылдын 1-майына чейин кароосуз жүргөн иттерди атуу жүргүзүлүп, аларды көмүү иштери аткарылсын.
3. Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыгы менен биргеликте Ат-Башы айыл аймагынын үй жаныбарларын вакцинациялоо иштерин аткаруу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн вет адиси К. Орозказиевге милдеттендирилсин;
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Тѳрага | К. Абдылдаев |
|
|