НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеңешинин I V чакырылыштагы кезектеги I сессиясы
2017-жылдын 10-январы № 3
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесине жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык «Кыргызстан » фракциясынын жана « Ала Тоо ынтымагы» фракциясынын сунушунун негизинде, ачык добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы 1-орун басары болуп «Кыргызстан » фракциясынан көрсөтүлгөн депутат Жаанбаев Улан Жунусович шайланды.
2. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп «Ала Тоо ынтымагы» фракциясынан көрсөтүлгөн депутат Калмамбетова Анара Кыдыковна шайланды.
Төрага | Ж. Ботоканов |